• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бажычылар оперативдик ишмердүүлүк жаатында билимдерин жогорулатты

Коом 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын бир катар кызматкерлери оперативдик ишмердүүлүктө маалыматтык-аналитикалык иштер жаатында билимдерин жогорулатышты.

Ведомстводон билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ачык маалымат булактарынан алынган интернет-чалгындоо, ачык жана жабык маалымат базаларынан алынган маалыматтарды пайдалануу, синтетикалык баңгизаттарды аныктоо жана алардын жайылышына каршы аракеттенүү багыттары боюнча билимин контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жогорулатышты.

Белгиленгендей, 10-апрелден 12-апрелге чейин өткөн "Ыкчам ишмердүүлүктөгү маалыматтык-аналитикалык иштердин негиздери" темасындагы окуу курсу ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Адистештирилген бажы кызматы тарабынан уюштурулган.

Окутуунун негизги максат – бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Жалпысынан 23 бажы кызматкери курсту өтүп, аяктагандан кийин сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий