• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Бишкек - Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Жүргүнчүлөрдү ташыган «Бишкек - Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат, - деп билдирет «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, «Кара-Балта-РЗД-141» темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу үстүбуздөү жылдын 21-сентябрында жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек - Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.

"22-сентябрдан тарта аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий