• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

24-30-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 30-январга чейин күтүлө турган аба ырайы тууралуу алдын ала маалымат берди.

Ага ылайык, эртең, 24-январда Кыргызстандын аймагынжа түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-январда күндүз жана 25-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

Ал эми 25-январда күндүз жана 26-28-январларда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

29-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-январда күпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий