• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Сууга түшүүдө абайлаңыз! Адистен кеңеш

Коом 0

Бишкек, 16.05.24./Кабар/. Жай мезгилин утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери калкка суу коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин айтып, кеңештерин берип келет. Бул ирет "Кабар" агенттиги сууга түшүү эрежелерин куткаруучулар менен биргеликте тизмектеди.

Ысык аптапта сергиш үчүн жарандар сууга түшүүгө шашылат. Анан албетте, канал, көлмө, дарыя жана суу сактагычтардагы сууларга түшүүгө тыюу салынганына маани беришпей, өмүрүн тобокелге салышат. Мындан улам коопсуздук эрежелерин көңүл сыртында калтырбоо керек дешет куткаруучулар.

- Кырсык каш-кабактын ортосунда. Балдар сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүүсү шарт жана аларды кароосуз калтырбоо керек. Эс алуучулар кайдыгерлик кылбай, мас абалында сууга түшүүдөн алыс болгону оң.

- Аба ырайына маани бериңиз. Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлоо зарыл. Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Алар жарылып калса же шамал алып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал.

- Балырлуу суу кооптуу. Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Анда суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат.

- Сууга сүзгөндү билбегендер үчүн кеңеш. Эгер сиз сууга чөгө баштасаңыз өзүңүздү жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч карманышыңыз кажет. Адам көп кыймыл жасабоосу керек. Анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калышы мүмкүн.

“Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот. Эс алуу учурунда чарчап же суусап турсаңыз, ачка болсоңуз, ооруп калсаңыз сууга түшпөй койгонуңуз дурус”, - деп кеңеш берет адистер.

- Кайыкта сүзүүдө эсиңизге түйүңүз. Кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаңыз. Сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтургандан алыс болуңуз. Караңгы киргенден кийин кайык, катер, катамаран колдонбоңуз. Мындай учурда сиздин кайра жээкке келе абай, адашууңуз толук ыктымал.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жыл башынан бери эле 12 адам сууга чөгүп каза болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 9 адам сууга чөккөн. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Пикир

Оставить комментарий