Жалал-Абаддагы футболдук беттеште "Мурас-Юнайтед" "Илбирсти" 3-1 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.05.24./Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда Жалал-Абаддын "Мурас-Юнайтед" командасы, Бишкектин "Илбирс" командасы менен беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 3-1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган стадион толугу менен жаңыланып, күн мурун, 15-майда пайдаланууга берилип, алгачкы футболдук беттеш өткөрүлдү.

Футболдук беттешке Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана миңдеген футбол күйөрмандары келди.

Пикир

Оставить комментарий