• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Жээнбек Кулубаев ШКУ ТИМ кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө ШКУ татаал глобалдык жана регионалдык жагдайда өнүгүүнүн жаңы этабына кирип жаткандыгын жана пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда уюмдун потенциалын пайдалануу үчүн узак мөөнөттүү стратегияга муктаж экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу кыргыз тарап ШКУнун 2035-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясын кабыл алуусуна өзгөчө маани берди.

Кызыкдар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө жана байланыштарды тереңдетүү үчүн кыргыз тарап ШКУга мүчө мамлекеттер менен ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн Жол картасын кабыл алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары 2024-жылдын июлунда боло турган Астана саммитинин мазмундук бөлүгүн даярдоонун жүрүшүн талкуулашты жана иш-чаранын жыйынтыгы боюнча уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу жана келечектүү маселелери боюнча тышкы иштер министрлер кеңешинин бир катар чечимдерине кол коюшту.

ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий