Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн батальонунун кызматкери Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мелдеш 15-19-май күндөрү Өзбекстандын Нукус шаарында болуп өттү.

Азия чемпиону болгон милиция кызматкерин 20-майда ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Сагын Орозалиевдин демилгеси менен бөлүмдүн өздүк курамы салтанаттуу түрдө Турдакун Усубалиев атындагы аянттан тосуп алышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жеңиш менен кайткан милициянын прапорщиги Эржан Акылбек уулуна кесиптештери мындан ары дагы кызматында дагы, спортто дагы ийгиликтерди жарата беришин каалашты.

Пикир

Оставить комментарий