Юстиция министрлиги: Кыргызстанда 976 адвокаттын лицензиясы токтотулат

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 976 адвокаттын лицензиясы токтотулат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомство “КР Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” КР мыйзамынын жоболоруна жана КР мыйзамдарынын башка жоболоруна ылайык, адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Адвокаттык иш жүргүзүү укугун токтотуу үчүн 976 лицензия каралган. Аларга колдонуудагы жана токтотулган адвокаттык лицензиялар кирет.

Инвентаризациялоо процессинде ошондой эле “КР Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” КР мыйзамынын жоболорунун талаптарын сактоо анын ичинде 2(1), 23(2), 26(1) беренелерди бузуунун мүмкүн болгон фактылары, адвокаттык иштин этикасын жана КР мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо маселелери иликтенет.

Көрсөтүлгөн иштер жүргүзүлүп жаткан адвокаттарга карата тизме менен шилтемеден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий