• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Астанада Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү — тышкы иштер министри Ван И менен жолукту.

ТИМден маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу ШКУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна катышуунун алкагында Астана шаарында өттү.

Жээнбек Кулубаев өткөн жыл жана быйылкы жылдын биринчи жарымы Кыргызстандын Кытай менен өз ара мамилелеринде абдан активдүү болгонун белгиледи. Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде бир катар маанилүү сапарларды өткөрүп, саясий диалогду мындан ары чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү контекстинде күн тартибиндеги эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча консенсуска жетишти.

Ван И кытай-кыргыз мамилелери тездик менен өнүгүп жатканын, эки өлкө лидерлеринин ортосунда ишенимдүү мамиле түзүлгөнүн, бул эки тараптуу кызматташууну биргеликте илгерилетүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Ван Инин айтымында, кытай тарап президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган кыргыз тараптын аракеттерин жогору баалайт. Кытай тарап ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө жүргүзүп жаткан реформаларды колдоорун билдирди.

Министрлер соода-экономикалык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоого өзгөчө көңүл бурушту. 2023-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы жылдары эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин канааттануу менен белгилешти. Тараптар күч-аракетин жумшоону улантууга жана эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ниеттенгенин билдиришти.

Ошондой эле Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле экономиканын башка тармактарын өнүктүрүү боюнча мультипликативдик натыйжага ээ боло турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирде болушту.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Кытайдын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы консулдук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү, эки өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана башка маселелери өзүнчө талкууланды.

Ошондой эле министрлер БУУ, ШКУ, "Борбордук Азия — Кытай" форматы сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты, маанилүү демилгелер жана өз ара кызыкчылык туудурган негизги маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү практикасын улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий