Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын чет элдик студенттери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда алардын окуусуна, коопсуздугуна жана ден соолукктары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий