УКМК: Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган компаниянын өкүлү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун ишкерлер тарабынан каржылоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жана мүчөлөрүн каржылоо булактарын, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган акча каражаттарын легалдаштыруу механизмдерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу топторунун ишмердигин КМШ өлкөлөрүнүн аймагында иш жүргүзгөн "Т.И." компаниялар тобунун жетекчилери тарабынан каржылоо жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды.

Тактап айтканда, аталган компаниянын негиздөөчүсү С.Р.М К. Асанбек менен тыгыз байланышта болуп, анын уюшкан кылмыштуу тобунун кылмыштуу иштерин колдоо үчүн ай сайын системалуу түрдө 40 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын берип тургандыгы аныкталды.

Өз кезегинде К.Асанбек Россиянын жана башка өлкөлөрдүн криминалитетинин арасында өзүнүн кылмыштуу байланыштарын пайдалануу менен бизнес-долбоорлорго колдоо көрсөткөн, ошондой эле Россиянын аймагында жана КМШнын башка өлкөлөрүндө С.Р.М.нын жана анын "Т.И." компаниясынын коммерциялык кызыкчылыктарын илгерилетүүгө жардамдашкан.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында 16-майда "Т.И." компаниясынын негиздөөчүсүнүн өкүлү Б.С.В. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди. Ал эми компаниянын негиздөөчүсү С.Р.М.га издөө жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий