• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайдагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер боюнча адиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер боюнча адиси кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер адиси болуп иштеген К.А. аттуу жаран жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин бергендиги үчүн мурда 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. 16-февралда алган акчасынын 50 миң сомун кайтарып жатып кармалган.

УКМКдан кошумчалашкандай, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) туралуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Д.га жана жер адиси К.А.га жер участокторун мыйзамсыз берүү жана сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий