Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга кыска мөөнөттүү иш сапары менен келди

Саясат 0

Бишкек, 21.05.24./Кабар/. Бүгүн, 21-майда Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Кыргызстанга кыска мөөнөттүү иш сапары менен келди.

КР ТИМден билдиришкендей, Бишкекте Мохаммад Исхак Дар Кыргызстандын медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан пакистандык жарандарга барууга ниеттенүүдө.

Мындан тышкары, Пакистандын ТИМ башчысынын Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий