Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Лхоцзе чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды

Спорт 0

Бишкек, 21.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Лхоцзе чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды. Ал мындай кубанычтуу кабар менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анын айтымында, Непалдагы Гималай тоосундагы Лхоцзе чокусу 8516 метр бийиктикте жайгашкан.

"Ушул улуу тоого 20-майда саат 20:00дө ийгиликтүү чыктык. Жеңишимди кыргыз элиме, жериме жана сүйүктүү мамлекетибизге арнаймын! Биз өлкө президентине берген сөздү аткарганга аракет кылып жатабыз. Ошондой эле жеңишимди Париждеги Олимпиада оюндарына камданып жаткан улуттук курама командыбызга арнайм. Элибиз тарыхыбызда биринчи алтын байгени чыдамсыздык менен күтүп жатат. Кыргызстан алга!" - деди Эдуард Кубатов.

Белгилей кетсек, кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун эки жыл мурда багындырышкан. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыгышкан болчу. Ийгиликтүү экспедицияны альпинисттер Кыргызстанга, “Манас” эпосуна жана Баткенге арнашкан эле.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Эдуард Кубатов менен 11-апрелде жолугушкан. Анда альпинист апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал үч - Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына кычкылтексиз чыгууну пландап жатканын айткан. Садыр Жапаров Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалаган.

Пикир

Оставить комментарий