• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасап жатып айтты.

Анын айтымына караганда, стратегиялык пландаштыруу тобунун биргелешкен жыйынынын алкагында тараптар Түркия президентинин Кыргызстанга күтүлүп жаткан визитин талкуулашты.

Министр сапардын так датасын азырынча ачыктаган жок.

Пикир

Оставить комментарий