УКМК Караколдо эл аралык баңгизат тобунун үч мүчөсүн кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Караколдо эл аралык баңгизат тобунун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн "Контролдук сатып алуу" атайын операциясынын жыйынтыгында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Каракол шаарынын үч тургуну кармалды.

Кармалган жарандар эл аралык баңги топторунун мүчөлөрү, ошондой эле "СК 2450" жана “Хорошее настроение” телеграмм-каналдарынын негиздөөчүлөрү болушкан. Белгилей кетсек, аталган каналдар аркылуу "соль" жана "Мефедрон" синтетикалык баңги заттарын сатуу иштери жүргүзүлгөн.

Кармалган А.Ш.Х., Ш.И.А. жана Ч.Р.С.нын жашаган жерин тинтүү учурунда КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо" беренесинде каралган кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги боюнча көптөгөн материалдык далилдер табылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий