• 87.86
  • 93.94
  • 1

Коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерге 20 жыл. Кыргызстан менен Тажикстан ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин эки тараптуу кызматташуунун жаңы тарыхындагы маанилүү датага – Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына карата куттуктоо каттары менен алмашты.

Ведомстводон билдиришкендей, КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз кайрылуусунда кылымдардан бери келе жаткан жалпы тарыхка негизделген кыргыз-тажик мамилелери акыркы он жылдыкта татаал жолду басып өткөнүн белгиледи. Ар кандай сыноолорго карабастан, тараптар Мамлекеттер аралык кеңеш, Тышкы иштер министрлеринин кеңеши жана өкмөттөр аралык комиссиялар сыяктуу өз ара аракеттенүү механизмдерин түзө алышкандыгын билдирди.

Келишимде каралган потенциалды ишке ашыруу саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт деген ишеним айтылды.

Өз кезегинде Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин тажик тарап бай тарыхый салттарга негизделген эки тараптуу мамилелердин келечегине оптимисттик көз карашта экендигин белгиледи. Биргелешкен күч-аракеттер мындан ары да Келишимдин жоболоруна жана эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына ылайык негизделе тургандыгына ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий