• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аксыда дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүү каналына бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Аксы районунда дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүүчү каналдын иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну А.М.М. тарабынан уюштурулган дары-дармектердин контрабандалык партиясын ташуу каналына бөгөт койду.

Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну узак убакыт бою Өзбекстан менен чектеш аймакта контрафактылык дары-дармектерди алып келүү жана ташуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

2024-жылдын 22-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында Кош-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектердин ири партиясы (361 аталыштагы), алардын айрымдары психотроптук баңги заттары (15 аталыштагы), ошондой эле ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк унаа номурлары табылган.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы облустун тургундарын кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо: 0995 012210 (WhatsApp) номуру аркылуу байланышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий