• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстан жеңил өнөр жай тармагында италиялык компаниялар менен кызматташууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев "Sistema Moda Italia" италиялык кийим жана текстиль өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Серджио Тамборини менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Таалай Базарбаев кыргыз тарап жеңил өнөр жай жана мода тармагында италиялык компаниялар менен активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Кыргызстандагы тигүү ишканалары чыгарган жогорку сапаттагы продукциялар, ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн мамлекет тарабынан берилген жеңилдиктер жана преференциялар тууралуу маалымат берилди.

Элчи “Sistema Moda Italia” компаниясынын жетекчилигин Кыргызстанга келип, өндүрүш рыногу менен таанышып, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыш түзүүгө чакырды.

Серджио Тамборини кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын изилдөөгө, ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызыкдар италиялык компанияларды Кыргызстанга тартууга көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Дүйнөдө, анын ичинде Италияда жүнгө, пахтага жана жибек материалдарына болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алып, ассоциациянын президенти Кыргызстандын текстиль өнөр жайынын сырьелук базасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда кыргыз тараптын Италиядагы көргөзмө иш-чараларына ыктымал катышуусу, ошондой эле өндүрүш процессинде алдыңкы тажрыйба жана технологиялар менен өз ара алмашуу маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: “Sistema Moda Italia” – 50 миңге жакын компанияны бириктирген жеңил өнөр жай, ошондой эле мода индустриясынын өндүрүүчүлөрүнүн өкүлү болгон ири европалык ассоциацияларынын бири. «SIM» мамлекеттик органдар жана ар кандай жеке уюмдар менен биргеликте улуттук жана эл аралык деңгээлде тармактын кызыкчылыктарын алдыга жылдырат.

Пикир

Оставить комментарий