• 87.86
  • 93.94
  • 1

Министрлер кабинети үч ооруканага кошумча 108 млн сом бөлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Өлкөнүн бир катар саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн каражат бөлүндү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин тескемеси менен республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү төмөндөгүдөй каралган:

– Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5,0 млн сом;

– Шаардык балдар клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына лифттерди, медициналык жабдууларды сатып алууга жана соматикалык корпусун кеңейтүүгө жалпы суммасы 70,0 млн сом;

– Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук хирургия борборуна медициналык жабдууларды сатып алууга, операция жана реанимация бөлүмүн капиталдык оңдоого 33,0 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий