• 87.86
  • 93.94
  • 1

Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Алай райондук сотунун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, облустук жана райондук соттордун судьялары, президенттин аймактагы өкүлү Элчибек Жантаев жана Алай районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө Кыргызстан укуктук мамлекет катары өнүккөн сайын сот бийлигинин ролу жана мааниси да ошончолук өсүп жаткандыгын айтты.

"Биздин максат – адилет, ачык, калыс, көз карандысыз, жоопкерчиликтүү сот бийлигин түзүү жана бул үчүн биз бардык аракеттерди көрүшүбүз керек.

Бүгүн Алай райондук соту аянты кенен, жайгашкан жери дагы ыңгайлуу имаратка ээ болуп отурат. Бул адилет үйүндө мыйзамдуу, адилеттүү, негиздүү чечимдер кабыл алынып, элдин сотко болгон ишенимин арттырууга бардык аракеттерди көрөсүңөр деп ишенем", - деди Замирбек Базарбеков.

Белгилей кетсек, Алай райондук соту көчүп кирген имарат 1982-1983-жылдары Жол эксплуатациялык башкармалыгы менен Курулуш башкармалыгынын мекеме-ишканалары үчүн кеңсе катары курулган.

Жогорку сотка караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын балансына 2019-жылы мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде өткөрүлүп берилген.

Аталган имараттын капиталдык оңдоо иштерине жалпысынан 28 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

Бүгүнкү күндө административдик имаратта 25 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинде эки судья, жети аппарат жана сегиз техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери, ошондой эле 3 сот аткаруучу жана 4 сот приставы бар.

Пикир

Оставить комментарий