• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте жарандарга беш күн катары менен акысыз юридикалык кеп-кеңештер берилет

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарында 28-майдан 1-июнга чейин жарандарга юридикалык кеп-кеңештерди беришет.

Институттан билдиришкендей, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында жарандарга зарыл болгон укуктук консультациялар Бишкектеги соода борборлорунда берилет.

Акция Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган.

Белгилей кетсек, консультациялар төмөнкү график боюнча саат 10:00дөн 18:00гө чейин өтөт:

  • 28-май - «Бишкек Парк», М1 кабат.
  • 29-май - Asia Mall, 3-кабат.
  • 30-майда — «Бета Сторес-2», 1-кабат.
  • 31-май - “Аю Гранд”, 1-кабат.
  • 1-июнь — ЦУМ, 1-кабат.

Эскерте кетсек, институттун кызматкерлери буга чейин ар кандай иш-чаралардын алкагында жарандарга акысыз юридикалык кеңештерди да берип келишкен.

Пикир

Оставить комментарий