• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте салык кызматкерлери үчүн маалымат алмашуу боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бишкекте Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери үчүн маалымат алмашуу боюнча окутуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Иш-чарага текшерүү, мониторинг жана талдоо, банктар менен өз ара аракеттенүү, эл аралык кызматташуу бөлүмдөрүнүн жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору катышты.

Окутууну эл аралык салык салуу боюнча эксперт Рената Фонтана жана Грузиянын Финансы министрлигинин Киреше кызматынын өкүлү Дэвид Читаишвили өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө салык төлөөдөн качуу менен күрөшүүгө жана салыкты пландаштыруу стратегиясын иштеп чыгууга тиешелүү практикалык кырдаалдар каралды.

Окутуунун негизги максаты салык текшерүүлөрүнүн сапатын жогорулатууда жана салык төлөөдөн трансулуттук качууга каршы аракеттенүүдө маанилүү ролду ойногон маалымат алмашуу механизмдерин натыйжалуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү болду.

Семинардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар маалымат алмашуу жана салыктык ачык-айкындуулук жаатында билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий