• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Тышкы иштер министри Казакбаев Украинанын элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жевтонко менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, элчи Украинадагы болуп жаткан окуялар тууралуу кеңири маалымат берди.

Казакбаев чыр-чатактар тез арада жөнгө салынарына үмүттөнөрүн, ошондой эле эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын чегинде гана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен учурдагы кырдаалды деэскалациялоо жана жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн жаңы форматтарын, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин платформаларында издөө зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле быйылкы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын эске алуу менен күн тартибинин маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий