• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон Павел Тигай изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Тигай Павел Алексеевичке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 18-февралында Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, арык дене түзүлүштө, чачы ийининен, кой көз.

Кийимдери: үстүндө көк түстөгү куртка, тоз түстөгү толстовка, ачык боз түстөгү спорттук шым, кара түстөгү гөлөч.

«Павел Тигайдын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 36-35-27, 0(550) 34-33-63, 0(504) 77-22-77, 0(709) 21 18-08”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий