• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек министри Гүлнара Баатырова интернаттардын кышка даярдыгын текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.09.23./Кабар/. Кечээ, 27-сентябрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өлкөнүн социалдык мекемелеринин кышка даярдыгы боюнча текшерүүнү баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, социалдык мекемелерде жалпы 2 миң 338 адам бар.

"Биздин кызмат алуучулар жалгыз бой улгайган жарандар жана жалгыз бой жубайлар, чоңдор жана нейропсихиатриялык диагнозу бар балдар. Биздин милдет – аларга жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Өткөн жылы Президенттин Жарлыгы менен тамак-ашка каражат эки эсе көбөйгөн. Интернаттарда дарыгерлердин кызматы көрсөтүлүп, китепканалар иштеп жатат.

Текшерилген бардык социалдык мекемелер кыш мезгилине даяр - отун, кышкы кийим-кече, тамак-аш менен камсыз болушту", - деди Гүлнара Баатырова.

Министр Токмок шаарындагы Токмок 1, 2 жана Ак-Суу районундагы үч социалдык мекемени кыдырып, жамаат жана социалдык кызмат алуучулар менен жолугушуп, кызмат алуучулардын жашоо шарты, жылытуу системасынын функционалдуулугу, блоктун жана тамак-аш даярдоочу жабдуулардын абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий