• 87.86
  • 93.94
  • 1

Элчи Осмоналиев Грузиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Тбилиси шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев Грузиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Лаша Дарсалия менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын талапкерлерин эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо маселелери талкууланды. БУУнун КӨАК алкагында жылдырылып жаткан Кыргызстандын Тоону туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартиби боюнча демилгелери жана аларды грузин тараптан колдоо мүмкүндүгү өзүнчө сүйлөшүлдү.

Жолгушуунун соңунда маектештер эки өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө тараптардын даяр жана кызыкдар экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий