• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргыз-герман кызматташтыгынын билим берүү тармагындагы маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Билим берүү жана изилдөөлөр министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ, Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча башкармалыгынын башчысы Флориан Франк менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы илим жана билим чөйрөсүндө, ошондой эле Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Текебаев эки өлкөнүн илимий-техникалык кызматташтыгын активдештирүү, илим, билим жана жаңы технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана илим маселелери боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана бул багыттар боюнча түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий