• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү кайра каттоо кайсы учурда арзан болот? Шарты

Экономика 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомго кол койду.

Жаңы эрежелерге ылайык, мындан ары кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик алымдын ставкалары мурунку өлчөмдө калтырылды.

Ал эми накталай төлөмдө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик ставкалар 10 эсеге жогорулайт:

  • эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 10 миң сом;
  • эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 20 миң сом;
  • эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 50 миң сом.

Токтом менен мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен бүтүмдөрдү жасагандыгы үчүн мамлекеттик алымдын ставкалары да бекитилди.

"Айыл Банк", "РСК Банк" жана "Керемет Банк" ачык акционердик коомдоруна бүтүмдүн суммасынан 0,02% өлчөмүндө эскроу-эсепти тейлөө үчүн комиссия белгилөө сунушталды. КР Улуттук банкына коммерциялык банктар үчүн бүтүмдүн суммасынын 0,02% өлчөмүндө эскроу-эсепти тейлөө үчүн комиссия белгилөө сунушталды.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий