• 87.86
  • 93.94
  • 1

ЖК комитети көрнөк-жарнактарды жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Президент 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда "КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралп, кабыл алынды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоорун депутат Балбак Түлөбаев тааныштырды. Ал белгилегендей мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзам долбоору тарабынан республикалык маанидеги шаарларда көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмөлүү маалыматтарды жайгаштырууга карата талаптарды бузгандык үчүн катуу жоопкерчилик чараларын белгилөө сунушталат.

Талкууда депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алып, өзүнүн бир катар сунуштарын берди.

Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Пикир

Оставить комментарий