• 87.86
  • 93.94
  • 1

"Каркыра" тоо комплексин куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Каркыра ЭкоШаары" ЖЧКнын ортосунда "Каркыра" тоо комплексин ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Улуттук агенттиктен билдиришкендей, бул макулдашуу аталган долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү карайт.

"Мында эс алуунун жана спорттун ар кандай түрлөрү, анын ичинде машыгуу жана эл аралык мелдештер үчүн заманбап инфраструктура түзүлөт. Учурда жолдорду жана электр чубалгыларын куруу иштери жүрүп жатат. Комплекс аймактагы биринчи ири эс алуу борбору болмокчу", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун концепциясы кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин камтыйт, комплекс беш миңге чейин эс алуучуларга ылайыкталган. Объекттин болжолдуу баасы 191 млн АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий