• 87.86
  • 93.94
  • 1

Асел Чынбаева "Энелер - тынчтыктын жарчысы" иш-чарасына катышты

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулган "Энелер - тынчтыктын жарчысы" аттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага ошондой эле КР Эл артисти, М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Анаркүл Назаркулова, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле коомдук бирикмелердин жетекчилери катышты.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева энелерди колдоо жана балдарды тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экенине токтолуп, үй-бүлөнү колдоого жана балдардын укуктарын коргоого арналган иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Чогулган меймандар үчүн элечекчен 500 эненин салтанаттуу маршы уюштурулуп, андан соң жер жүзүндөгү тынчтыктын белгиси катары асманга ак көгүчкөндөр учурулду. Мындан тышкары майрамдын алкагында Чүй облусунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмө-жарманкелери өткөрүлүп, Эл артисти Анаркүл Назаркулова башкы каарманды ойногон «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий