• 87.86
  • 93.94
  • 1

Транспорт министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бектурсун Дыканбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка транспорт министри Тилек Текебаев кол койду.

Белгилей кетсек, Бектурсун Дыканбаев буга чейин министрликке караштуу жол чарба департаментинин иштерди пландаштыруу, даярдоо жана кабыл алуу бөлүмүн жетектеген.

Жаңы дайындалган башкармалыктын башчысын жалпы жамаатка Тилек Текебаев тааныштырып, ага ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий