• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бишкекте “Мен патриот” аттуу аскердик кармашып урушуу боюнча эл аралык турнир өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 27-28-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында өтмөкчү.

Иш-чара 1999-2021-жылдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралдуу кагылыш учурунда кайтыш болгон аскер кызматчыларынын элесине арналат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • Эркекте: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 кг.
  • Кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 27-май, саат 9:00. Салтанаттуу ачылыш аземи: 27-май, саат 14:00. Финалдык беттештер: 28-май, саат 9:00.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын аскердик кармашып урушуу боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий