• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда Калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бишкек жана Ош шаарларындагы Калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана жарандардын күтүү убактысын кыскартуу максатында көрүлүүдө.

2024-жылдын 24-майынан тартып төмөнкү КТБда жаңы система иштеп жатат:

- КТБ-1, Бишкек шаары (КТБ ДК);
- КТБ-4, Бишкек шаары ("Элдорадо" КТБ);
- КТБ, Ош шаары.

КТБда жаңы системаны ишке киргизүү графиги:

- 2024-жылдын 29-майынан тартып, КТБ-3;
- 2024-жылдын 31-майынан тартып, КТБ-2.

"Кезектин жаңы системасы ишке киргизилгендигине байланыштуу КТБда убакытты онлайн режиминде брондоо үчүн Early One тиркемеси ишин токтотту. Бардык брондолгон талондор 2024-жылдын 2-июнунан баштап жараксыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, электрондук кезектин жаңы системасын киргизүү этап-этабы менен ишке ашырылат. Биринчи этапта талондорду кабыл алуу боюнча кызматкерлерден алууга болот. Мындан ары керектүү кызматтарды өз алдынча тандоо үчүн терминалдарды орнотуу пландаштырылууда. Жыйынтыктоочу этапта система "Tunduk" тиркемеси менен интеграцияланат жана республиканын бардык КТБларына кеңейет, бул жарандарга кезекти алдын ала брондоого мүмкүндүк берет.

Атамекендик электрондук кезек системасы СӨМгө караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана биздин өлкөнүн КТБнын кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулардын өзгөчөлүктөрүн жана керектөөлөрүн эске алат, бул анын ишин жеңил жана түшүнүктүү кылат.

Пикир

Оставить комментарий