• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

1-ноябрга карата жөлөкпул алуучулардын саны дээрлик 550 миң адамды түздү

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 542,6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 330,0 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 92,8 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 119,8 миң адамды түздү.

Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 869,2 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3078,8 сомду түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 6 млрд 359 млн 400 миң сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө – 2 млрд 889 млн 500 миң сом, социалдык жөлөкпулду – 2 млрд 986 млн 600 миң сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 483,3 млн сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий