• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны жыйынтыкталды – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Россиянын Москва шаарында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына арналган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты.

Кремлдин Чоң сарайында ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында иш-чарага келген делегация башчыларын Россиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Тар курамдагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Россиянын президенти Владимир Путиндин мүчө мамлекеттердин делегация башчылары жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары менен сүрөткө түшүү аземи болду.

Андан соң ЖЕЭК жыйыны Армения премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында, Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун, Россия президенти Владимир Путиндин катышуусунда кеңейтилген форматта улантылды.

Ошондой эле ЕАЭБ байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катары Кубанын президенти Мигель Диас-Канель жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдер да сөз сүйлөштү.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекет башчылары Биримдиктин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн негизги милдеттерин жана багыттарын талкуулашты.

ЖЕЭКтин мааракелик жыйынынын жыйынтыгы боюнча экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдерге жана документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий