• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Сот реформасынын алкагындагы иш чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча кеңейтилген жумушчу жыйын өттү

Президент 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Алмамбет Салиевдин төрагалыгы алдында Сот реформасынын алкагындагы иш чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү жана ушул иш чараларга тартылган мамлекеттик органдардын башчылары катышкан кеңейтилген жумушчу жыйын өттү.

Жумушчу жыйында төмөнкү маселелер каралды:

— Жаңы мыйзамдарды ишке киргизүү жаатындагы көйгөйлөр туурасында эксперттик жумушчу топтун маалыматы угулду;

— Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР) системасынын схемасы көрсөтүлдү;

— КЖБР жол картасынын долбоору боюнча талкуу өткөрүлдү.

Бүгүнкү жыйын сот адилеттигин жүргүзүүдө колдонула турган жаңы мыйзамдарды ишке киргизүү маселесин эске алуу менен мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык өтүп жатканын Алмамбет Салиев белгиледи.

«Жаңы мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө аз убакыт калды ал эми бул багытта көп иштерди жасоо керек. Ошондуктан бүгүнкү жыйында биз баарыбыз сот реформасы багытындагы иштердин планын дагы бир сыйра карап чыгып, кайра оңдоп же илгерилетип, практикалык жана жемиштүү жыйынтыкка жетишибиз керек», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы мыйзамдарды ишке киргизүүдөгү көйгөйлүү маселелер анын ичинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри боюнча ой пикир алмашуу болду.

Жыйында эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ички иштер, юстиция министрликтеринин, Башкы штабдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү сөз сүйлөдү.

Пикир алмашууда жыйындын катышуучулары мыйзамдарды ишке киргизүүнүн тобокелчиликтерин белгилешти. Жумушчу топтун ишмердүүлүгүнө жана ушул маселе боюнча ар бир мамлекеттик органдардын катышуусундагы тиешелүү жол картасын аткарууда Мамлекеттик органдардын жетекчилери түздөн-түз бул процесске катышуу керектиги тууралуу, ошондой эле укуктук баа берүүчү баардык кадрларды (алдын ала тергөөчүлөрдү, тергөөчүлөрдү, прокурорлорду, судьяларды) окутуу зарылчылыгы, кабыл алынган мыйзамдарга кандайдыр бир өзгөртүүгө мораторий киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жана башка сот реформасынын алкагында иш чаралар боюнча бир пикирге келишти.

«Бардык жерлерде кадрларды жаңы мыйзамдардын жоболоруна жана аларды колдонууга окутуу, Өкмөттүн бардык чараларын, анын ичинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча жол картасын ишке ашыруу Өкмөт башында турган бардык мамлекеттик органдардын күнүмдүк ишинде артыкчылыкка ээ болууга тийиш», -деп белгиледи Алмамбет Салиев. Сөзүнүн корутундусунда ал жыйындын жыйынтыгы тууралуу Президентке маалымат берээрин кошумчалап, жакынкы арада Мамлекет башчысы эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, имплементация боюнча Өкмөттүн иш чараларына тартылган мамлекеттик органдардын башчылары менен жолугаары болжолдонуп жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий