• 87.86
  • 93.94
  • 1

Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган 10 жаранга айып салынды

Экономика 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамсыз акча алмаштырган 10 жаранга айып салды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына ылайык, Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын 10 жаранынын ар бирине 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий