• 87.86
  • 93.94
  • 1

Билим берүү министри ата-энелерди жана окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана ата-энелерди окуу жылынын аякташы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучулар, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер!

Баарыңыздарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы, “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен чын дилимден куттуктайм!

Бүтүрүүчүлөргө билим жолунда багыт көрсөткөн мугалимдердин күжүрмөн аракетин, талыкпас эмгегин баса белгилеп, ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Өлкө жетекчибиз Садыр Жапаров тарабынан балдарыбыздын жаркын келечегин түптөө үчүн чоң аракеттер, колдоолор жасалууда. Алсак, акыркы үч жылда 300дөн ашуун мектеп салынып, пайдаланууга берилди.

Алдыда мамлекет башчыбыздын чечкиндүү кадамдары менен билим берүү системасын чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Бардык аракеттер ар бир баланын татыктуу, заманбап билим алуусуна багытталууда.

Быйыл өлкө боюнча 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Бүгүн ар бир бүтүрүүчүгө кыялдарын жана максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген турмуштун жаңы барагы ачылып турат.

Силер – жаркын келечектин ээлери, жаратуучуларысыңар! Андыктан өлкөнүн жаратман, эмгекчил, билимдүү инсаны болгула!

Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!

Сапарыңар байсалдуу болуп, кыялдарыңар ишке ашсын!”

Пикир

Оставить комментарий