• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өлкө боюнча GPS тутумун модернизациялоонун I этабы башталды

Коом 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси республика боюнча GPS тутумун модернизациялоонун биринчи этабын баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул үчүн деңиз деңгээлинен 800 метрден 3800 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан 21 геодезиялык пункт тандалып, экспертизадан өттү. Пункттар республиканын бардык аймагында жайгаштырылган.

Белгиленгендей, 2023-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин атайын топ GPS өлчөө иштерин жүргүздү.

"Учурда "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси модернизациялоонун экинчи этабын баштоо алдында турат. Бул ишке 80 геодезиялык пунктта спутниктик байкоолор кирет"!, - деп айтылат маалыматта.

Иш УКМКнын Чек ара кызматы, "Кыргызгипрозем" жана "Кадастр" мамлекеттик мекемелери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий