• 87.86
  • 93.94
  • 1

Акыркы коңгуроо. ЖКККББ бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 унааны аныктады

Коом 0

Бишкек, 26.05.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы акыркы коңгуроо аземинен кийин бүтүрүүчүлөрдү тоого ташыган 48 авто унааны аныктады.

ЖКККББдан билдиришкендей, буга чейинки эскертүүлөргө карабастан акыркы коңгуроо аземинен кийин мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга кортеж унаалары менен ташыган өлкө аймагында 48 унаа аныкталды.

Белгиленгендей, анын ичинен Бишкек шаарында 29 кортеждик жана 16 маршруттук унаалар, ал эми Нарын облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрүн шаардан сырткары эс алуучу жайларга ташыган 3 унаа аныкталган.

"Унаалардын ичиндеги бүтүрүүчүлөрдүн баары аймактык милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, ал эми унаалар андан ары тийштүү чара көрүү үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бир күн ичинде жалпы 2 миң 909 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган, анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 45 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 34 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 559 айдоочу;

Одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 266 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий