• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик цирк оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт, бирок качан экендиги белгисиз

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева билдирди.

Анын айтымында, цирктин имараты курулган күндөн бери толук оңдоодон өткөрүлгөн эмес.

“Имараттын жалпы абалы канааттандырарлык эмес. Учурда “цирктин манежин, отургучтары жана кире беришин оңдоп койсо болмок” деген сөздөр айтылууда. Бирок мындар сырткары, чарбалык курулуштун чатыры өз функциясын аткарбайт, суу менен камсыздоо, канализация, жылытуу системалары иштен чыккан. Желдетүүнүн жоктугунан жаныбарларды кармаган имараттан жагымсыз жыт чыгат. Бул жумуштар үчүн мамлекет тарабынан чоң суммадагы каражат керектелет”, - дейт ал.

Мамбетмусаева акыркы жылдары маданият мекемелерине өзгөчө көңүл бурулуп, бир катар имараттар толук оңдоодон өткөрүлгөндүгүн айтты.

“Учурда Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры оңдолууда. Кийинки кезекте ушул мамлекеттик цирк жана “Учур” мамлекеттик жаштар театры оңдолот. Буга министрлик жана өкмөт дагы кызыкдар”, - деди ал.

Маданият министрлигинин өкүлү мамлекеттик цирктин качан оңдолору тууралуу так маалыматты айта албастыгын белгилеп өттү.

Мамбетмусаева кошумчалагандай, 2022-жылы бюжеттен Кыргыз мамлекеттик циркине 27 млн 321 миң сом бөлүнүп, 26 млн 919 миң сом чыгымдалган.

Каражаттын көбү кызматкерлердин айлык акысына жана коммуникалдык кызматка кеткен. Ошондой эле атайын каражаттын түшкөн суммасы 1 млн сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, өлкөдө цирк 1963-жылы “Молодая Киргизия” деген ат менен ачылган. Ал эми мамлекеттик цирктин имараты 1976-жылы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий