• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Япония өкмөтү Кыргызстанга 999 млн йен өлчөмүндө грант берет

Президент 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 9-февралында Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Бишкек шаарында жана Чүй облусунда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча эл аралык келишимди түзгөн Алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Бишкек шаарында жана Чүй облусунда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - 2023-жылдын 9-февралында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Бишкек шаарында жана Чүй облусунда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча эл аралык келишимди түзгөн Алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Бишкек шаарында жана Чүй облусунда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жол-жобосун жүргүзүү болуп саналат.

“Бишкек шаарында жана Чүй облусунда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоорунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу диагностикалык жана дарылоо потенциалын чыңдоо каралган, бул медициналык кызмат көрсөтүүгө негиз болуп, ошону менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошот.

Гранттык макулдашуунун шарттарына ылайык, Япония өкмөтү КР министрлер кабинетине Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык мыйзамдуу укук өлкө-булактардан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн 999 миллион япон йени (¥ 999,000,000) өлчөмүндө грант берет.

Пикир

Оставить комментарий