• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте салтка айланган "Мурас" футбол турнири башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Спорт - бул достуктун жана биримдиктин жарчысы, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев футбол боюнча салтка айланган кезектеги “Мурас” достук турниринин ачылышында.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган мелдеш мамлекет башчысы Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, алтынчы жолу өткөрүлүп жатканын эске салган Төрага ар кайсы тармактын өкүлдөрүнөн турган командаларга ийгиликтерди каалады.

“Спорт - бул достуктун жана биримдиктин жарчысы. Андыктан, бул спорттук иш-чарадагы негизги максат жеңишти эле багынтуу эмес, ынтымакты даңазалоо жана сергек жашоо образын жайылтуу”, - деген төрага ар бир оюнчуну жигердүү ойноп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, турнирде 16 команда күч сынашат. Алардын катарында өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган “Президент”, төрага Нурланбек Шакиев баштаган “Жогорку Кеңеш” командалары, агартуучулардан, дарыгерлерден, коопсуздук кызматкерлеринен, дипломаттардан, жергиликтүү жетекчилерден, журналисттерден, ишкерлерден, өнөрпоздордон, спортчулардан, дин ишмерлеринен жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган командалар да бар.

Пикир

Оставить комментарий