• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Бишкекте 19-25-май аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий