• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Олимпиада оюндарына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги алдында КР спортчуларын Парижде өтө турган ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарына даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин отуруму болуп өттү.

Бүгүнкү күнгө карата кыргызстандык спортчулар 13 лицензия жеңип алышты, дагы бир катар лицензиялардын алынышы күтүлүүдө.

Белгиленгендей, каржылоо суммасы бекитилген графикке ылайык бөлүнүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө спортчуларды Олимпиада оюндарына даярдоо боюнча актуалдуу маселелер каралды, тагыраагы аккредитациян өткөрүү, улуттук курама команданын кийимдери, алдын ала машыгууларды жүргүзүү, медициналык тейлөө жана уюштуруу иштери талкууланды.

Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алдыдагы Олимпиада оюндарына жигердүү даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет тарабынан спортчуларга тиешелүү болгон бардык колдоо жана ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий