• 87.86
  • 93.94
  • 1

Абсаттар Сыргабаев Токтогул районундагы мектептердин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул шаарындагы №7 Манас мектебине барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Анда мектептин эскилиги жеткен 155 орундуу кошумча имараттын абалы менен таанышты. Абалды жеринен көргөн облус башчысы имарат окуу жылы аяктаары менен буздурулуп, келээрки жылы республикалык бюджеттен каржылануучу курулуштардын титулдук тизмесине кошуу сунушу берилээрин айтты. Окуучулар мектептин негизги корпусуна которулуп, билим алууну улунтышат. Ал эми, мектептин негизги имаратын да келээрки жылы капиталдык оңдоодон өткөрүү аракети көрүлөөрү кошумчаланды.

Токтогул шаарындагы №7 “Манас” мектеби 1976-жылы пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө анда 621 окуучу билим алат.

Облус башчысы райондун Абды Суеркулов айылындагы №27 Аманкан Мамыров орто мектебинин курулуш жумутары менен да таанышты. Аталган мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, 275 орунга ылайыкталууда.

Пикир

Оставить комментарий