• 87.86
  • 93.94
  • 1

Динара Кемелова Катманду шаарында эл аралык эксперттик диалогго катышты

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Президенттин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Катманду шаарында Непал өкмөтү тарабынан уюштурулган "Тоолор, адамдар жана климаттын өзгөрүшү” Эл аралык эксперттик диалогго катышты.

Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахал ачкан диалог эки жүздөн ашык катышуучуларды, анын ичинде Непал, Бутан, Бангладеш, Азербайжан өкмөттөрүнүн, БУУнун агенттиктеринин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, дүйнө жүзүндөгү климат боюнча илимпоздорду, изилдөөчүлөрдү, жарандык жана бизнес коомчулуктардын өкүлдөрүн чогултту.

Өз сөзүндө Динара Кемелова тоолор планетабыздын 13% калкынын (1,1 млрд адам) мекени, ошондой эле уникалдуу экосистемалардын мекени болгон планетабыздын маанилүү жаратылыш ресурсу экенин белгиледи. Тоо кыркалары таза суунун булагы, климаттын өзгөрүшүн жумшартуу, туруктуу айыл чарбасы, гидроэлектроэнергиясын өндүрүү жана экосистемалык кызматтар катары негизги ролду ойнойт.

Ошол эле учурда, тоолор климаттын өзгөрүүсүнүн оорчулугун көтөрүп жана табигый кырсыктардан кыйроо коркунучуна дуушар болгондуктан, тоолуу жамааттар эл аралык, консолидацияланган колдоого муктаж экендиги белгиленди.

Бул жаатта Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жана Непал, Италия, Андорра жана Бутан сыяктуу тоолуу мамлекеттердин колдоосу менен бир катар глобалдык демилгелерди алдыга жылдырганын атайын өкүл баса белгиледи:
- 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо;
- БУУнун Башкы Ассамблеясынын "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык иш-аракеттерди" жарыялоо менен "Туруктуу тоолорду өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алуу;
- COP алкагында “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү” темасында жаңы глобалдык диалогду баштоо. Бул диалогдун биринчи жолугушуусу ушул жылдын 5-июнунда Бонн шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын (SB60) алкагында өтөт.

Бул демилгелердин жана алдыда боло турган эл аралык тоо иш-чараларынын негизги максаты - тоо экосистемаларын коргоо жана тоолуу аймактардын жашоочуларынын жашоо шарттарын жакшыртуу.

Буга байланыштуу Динара Кемелова тоо калкы туш болгон көйгөйлөрдү чечүү жана тоо экосистемаларын коргоо, анын ичинде мөңгүлөрдү сактоо үчүн өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, илимий жана бизнес коомчулуктардын, ошондой эле жарандык коомдун күч-аракетин бириктирүүнү сунуштады.

Форумдун жүрүшүндө ошондой эле Кыргызстандын президентинин атайын өкүлүнүн Непал, Бутан, Бангладеш өкмөттөрүнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү менен эки тараптуу консультациялар өткөрүлгөндүгү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий