• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда "Кызыл китепке" кирген илек-илек кушуна санак жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Кабар/. Дүйнө жүзүндө илек-илек канаттуусуна санак жүргүзүлүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда дагы аталган кушка саноо жүргүзүлдү.

NABU-Кыргызстан уюмунан билдиришкендей, илек-илек же ак-кунастарды саноо иш-чарасы эки этап менен өткөрүлөт. Азыр анын биринчи этабынын жыйынтыгы чыгуу алдында турат.

"Учурда жалпы жыйынтыкты маалыматтык базага киргизип, ар бир санак жүргүзүлгөн аймак боюнча анализдер жүргүзүлүүдө. Ал эми ушул жылдын күз айларында санактын экинчи этабы болот. Андан соң Кыргызстандын аймагында алардын жалпы саны боюнча так маалымат чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.

Илек-илектер негизинен Кыргызстандын түштүк аймагында: Жалал-Абад, Ош, Баткен облаустарынын айрым жерлеринде байырлайт. Алар суу баскан талааларга жакын жашап, бака, жылаан жана башка суу баскан аймактардагы майда жандыктар менен азыктанышат.

Анын илимий аталышы – Ciconia-ciconia, бою – 100-120 см, канаттарын жайганда 155-200 см чейин жетет. Чоң илек-илектердин салмагы – 5 кг чейин. Орто эсеп менен 20 жыл жашайт.

Адистердин айтымдарында, илек-илектердин кескин азайып кетишине саздардын кургашы, дың жерлердин өздөштүрүлүшү себеп болгон. Убагында Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кездешкен. Кийин таптакыр байырлабай калып, акыркы жылдары гана учуп келе баштаган. Бул ири куштарды кармоого 1952-жылдан тартып тыюу салынып, 1975-жылы "Кызыл китепке" киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий